You are here

You are here

  • His Highness the Aga Khan addresses guests gathered at the opening of the University of Central Asia’s first campus in Naryn, Kyrgyz Republic.
    AKDN / Gary Otte
УЛУУ ДАРАЖАЛУУ АГА ХАНДЫН БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИНИН НАРЫНДАГЫ КАМПУСУНУН САЛТАНАТТУ АЧЫЛЫШЫНДАГЫ КУТТУКТОО СӨЗҮ

би-сми-Лля́хи-р-рахма́ни-р-рахи́м

Ырайымдуу жана боорукер Алла атына

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улуу урматтуу Сооронбай Жээнбеков мырза, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов мырза, Урматтуу министрлер, Университеттин студенттери, окутуучулары жана кызматкерлери, Урматтуу коноктор! Бүгүн Борбордук Азия Университети үчүн, жеке мен үчүн жана да Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандагы университеттин негизделүүсүнө катышкан бардык адамдар үчүн улуу күн! Бул күн Кыргыз Республикасынын эли, Нарын тургундары жана жетекчилиги үчүн да өзгөчө күн. Чыныгы тарыхый окуяга тете болгон бул Университеттин Нарын кампусунун ачылуу аземине кошулуп жатканыма чын жүрөктөн кубанычтамын. Борбордук Азиядагы бул ири, жаңы университеттин курулушунун үстүндө Сиздер менен иш алып баруу менин кесиптештерим жана мен үчүн чоң сыймык болду. Сиздердин бардыгыңыздар орундуу кеңеш, каржы, курулуш материалдары же жергиликтүү жумушчулардын жигердүү эмгеги сыяктуу тиги же бул түрдө өз салымыңыздарды коштуңуздар. Өз салымын кошкон ар бир адам бул жердин бир бөлүгү болуп калмакчы. Биз сиздерди берешен материалдык колдооңуздар үчүн гана эмес, сиздердин достугуңуздар жана келечекке умтулууңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле кечээ күнкү президенттин колунан алган улуттук “Данакер” орден сыйлыгы мен үчүн чоң сыймык болгондугун белгилей кетүүгө уруксат бериңиздер. Бул сыйлык мен үчүн өзгөчө мааниге ээ, себеби ал Кыргыз Республикасынын эли кадырлап келген маанилүү идеалдарды – баалуулуктарды чагылдырып келет. Мен ал сыйлыкты Борбордук Азия элдери менен Ага Хан өнүктүрүү уюму ортосундагы көп жылдан бери өнүгүп келе жаткан шериктештиктин белгиси катары, биз бирге басып өткөн жол элеси жана да биз бирге жөнөй турган укмуштуу сапар белгиси катары чын жүрөктөн кабыл алдым. Сиздердин аракетиңиздердин үзүрү катары Борбордук Азия Университетинин колдоосу менен Борбордук Азиянын тоолук коомчулуктары өз тарыхынын жаңы, кызык барагын ачып жатат. Бул жаңы кадамды шилтеп жатып мен акыркы он алты жыл тарыхын артта калтырып, биздин келечекке болгон умтулуубуздун кыймылдаткыч күчү болгон учурда орун алып жаткан өзгөрүүлөрдү ойлоп келем. БАУ жаш университет эмес. Маселен, мен сонун Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебин атап кетким келет. 2002-жылы алгач курстарын сунуштаган мезгилден тартып бүгүнкү күнгө чейин бул мектептен 90 000ден ашуун адам, парламент депутаттарынан тартып айыл аймактарынын жаштарына чейин билим алды. Ошондой эле мен кеңири курс санын сунуштап, бүтүн Борбордук Азиянын 77 университети менен колледждеринин колдоосун тарткан Гуманитардык илимдер тармагындагы долбоорду белгилеп кетким келет. Эл аралык шериктер менен аймактын өнүгүүсү үчүн зор мааниге ээ маселелер боюнча кызматташып, инновациялык изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткан Мамлекеттик башкаруу жана саясат институту менен Тоолук коомчулуктарды изилдөө институттары туурасында да сыймыктануу менен сөз кылсак болот. БАУнун маданий мурас жана гуманитардык илимдер бөлүмүнүн Кыргызстан менен Тажикстандын музыкалык мурасы боюнча ишмердүүлүгү азырынча алдыда турган зор иштин саамалыгы гана. Муну менен бирге окутуучу курамдын квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларыбыздын алкагында Борбордук Азиянын атуулдары алдыңкы университеттерден доктордук даражасын алып, аны менен БАУнун болочок кызматкерлеринин кадрлык мүмкүнчүлүгүн камсыздап келишет. Мунун баары бир чоң иштин маанилүү курам бөлүктөрү катары чыгып, эми Нарындагы кампустун өзүнүн жеке негизги көрүнүктүү ролун аткарууга жол бермекчи. Бүгүнкү күн менин эсимдеги сонун элестерди сездентти. Мындан болгону он алты жыл мурун Университеттин негиздөөчү мамлекеттеринин президенттерине кошулуп Эл аралык келишимге кол койгонбуз. Бул мурда болуп көрбөгөн окуя болгон. Анда ал келишим бүткүл дүйнө үчүн үч мамлекеттин чынында кошулуп өз келечеги туурасында кыялдана алышынынын өзгөчө мисалы болуп калган. Ошондой эле бул мамлекеттер өз кыялдарын жүзөгө ашыруусу үчүн кол кармашып улуттук чектерди жеңип чыгышынын да мисалы болуп калды. Мен акыркы он алты жыл бою бул долбоор туурасында сөз кылганымда, адамдар таң калып, таасирленип келишчү. Алар мени: “Сиз бул жаңы университет үч ар башка мамлекетте жайгашып жана да түрдүү негизге ээ болуп, бирок биргелешип жалпы максатка жетет деп ойлойсузбу?” - деп сурашчу. Мен болсо – “Албетте, бул биздин ойлогон ишибиз гана болбостон бул бүгүнкү күнү болуп турган иш. Биз бул кампустарды болушунча тезирээк кургубуз келет”-деп жооп берчүмүн. Бул университеттин белгиси болуп билим берүү күчү гана чыкпастан, эл аралык кызматташуу күчү да чыгат. Ал күч адамдар турмушун өзгөртө турган күч. Бул жерде жасап жаткан нерселердин бардыгы тең келечекте бул аймактагы гана эл аралык кызматташуунун мисалы гана болбостон, бул аймактан тышкары кызматташуунун да мисалы болор. Ошондой эле бул мисал аймактын өткөнүнөн келип чыккандыгы эстен чыгарбоо зарыл. Дүйнөлүк тарыхты изилдеген студенттер бизге Борбордук Азия мындан миң жыл мурун соода жана шаарларды өнүктүрүү жаатында, инвестиция тармагында, маданий жана акылман жетишкендиктеринде бүткүл дүйнө алдында тургандыгын эскертип келишет. Борбордук Азия ошондой эле бүт дүйнө жүзүнүн атактуу акылмандары назар салган жер болгон. Астрономия жана математика, химия жана медицина, философия жана музыка жаатында акыркы жетишкендиктер кандай болду? Бул туурасында так ушу жерден жооп алууга болор эле. Бул алгебра өз атын алган, Жердин так диаметри эсептелген жана да дүйнөлүк поэзиянын улуу чыгармалары жаралган аймак. Эмне үчүн бул көрүнүш так ошол убакта ушул жерде орун алган? Биринчиден, менимче, бул “ачыктыктын” сапаты менен шартталган. “Ачыктык” деп мен жаңы идеяларга, ар кандай өзгөрүүлөргө, жана ошондой эле түрдүү калк катмарына жана таланттарга болгон ачыктыкты айтып жатам. Көптөгөн жүз жылдыктар мурун бул жердеги шаар тургундары талаа дыйкандары менен кол кармашып, бирге алыскы аймактардагы калктарды көздөй бет алышкан. Бул сыяктуу ачыктык кайрадан келечекке жол ачышы мүмкүн. Бул жакын турган элдер, же болбосо алыс эмес отурукташкан элдерге гана эмес, андан алыс жайгашкан элдерге да тиешелүү болмокчу. Алар биздин мүмкүн болгон шериктерибиз жана мүмкүн болгон жардам алуучуларыбыз болушат, себеби биз биздин замандын маанилүү маселелерин чечүүгө даярбыз. Биз канткенде мектептерибизди жакшыртып, климаттын өзгөрүшүн алдын алып, табигат кубулуштары менен күрөшүп, элибиздин ден соолугун чыңдай алабыз? Борбордук Азия Университети бул суроолорго жооп табуу үчүн өзүнүн бакалавриат программасы аркылуу гана эмес, окутуучулар менен студенттердин жүргүзгөн изилдөөлөрү, тиешелүү дисциплиналар аралык программалары аркылуу, жана ошондой эле башка мекемелер менен болгон шериктештиктин алкагында ар бир белгилүү учурда аймактын белгилүү маселелери менен шарттарына жараша чечүүдө колдоо көрсөтүү аркылуу көп нерсеге жетише алат. Биз аткарып жаткан иш глобалдуу жана аймактык гана болбостон, жергиликтүү таасирин да тийгизет. Облус жетекчилиги менен иш алып барып отуруп, биз мисалы, Нарын шаары өз жарандарынын жашоо сапатын жакшырткан динамикалуу университет шаары болот деген үмүттөбүз. Буга бир нече мисал бар, алардын бири Жакыпов атындагы сейил багын оңдоо иш-аракеттери, ал эми башкасы – медициналык диагностикалык борбор. Мектеп курагына чейинки жаш балдарды өнүктүрүү борборуна, окутуучулар, кызматкерлер жана башка жергиликтүү тургундар үчүн турак комплекстерине карата, ошондой эле Нарын облусунуна келген коноктор үчүн мейманканасы туурасында пландар иштелип чыгууда. Акыры, Борбордук Азия Университетинин баштапкы тарыхындагы бул көрүнүктүү учурга жетүүдө бир катар маанилүү кадамдарды жасап жатканыбызды белгилеп кетүүгө уруксат бериңиздер. БАУ өзүнүн биринчи бакалавр программасын гана ачпастан, өз алдынча мекеме болгондуктан, ошондой эле Эл аралык келишим менен Университеттин Уставына ылайык Көзөмөл кеңешинин жетекчилиги алдында өз алдынча башкарууга даяр. Университеттин канцлери катары мен бул Кеңешке анын төрагасы катары Шамш Кассим Лакха мырзаны сунуштап дайындайм. Шамш билим берүү жаатындагы ийгиликтүү лидер катары мыкты карьера курууга жетишти. Дээрлик үч он жылдык бою алгач Пакистанда негизделип, учурда үч континентке кеңири жайылып жаткан Ага Хан Университетинин курулушу, пландоосу жана иштөөсүнө жетекчилик кылып келди. Буга чейин ал Пакистандын Билим берүү министри, жана ошондой эле Илим жана техника министри кызмат орундарын ээлеп келген. Анын расмий дайындалышынан кийин, биз Кеңештин калган мүчөлөрүн дайындоого киришебиз – муну менен Университеттин колдоочулары болгон негиздөөчү-мамлекеттер Президенттери менен биргеликте жүргүзмөкчүмүн. Так алардын жетекчилиги менен биз алдыга жылабыз. Биз бүгүн белгилеп жаткан нерсе – өсүү жана прогресстин биринчи баскычы эмес, бул болгону баштапкы кадам. Бүгүн бул иш-чараны белгилеп жатып биз алдыда али жасай турган иштерибизди чыдамсыздык менен күтүп келебиз. Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат!