You are here

You are here

  • His Excellency Prime Minister Sooronbay Jeenbekov, representing President Almazbek Atambayev, Patron of the University, praised the partnership between the Kyrgyz Government and the AKDN.
    AKDN / Gary Otte
СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ МЫРЗАНЫН БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИНИН НАРЫНДАГЫ КАМПУСУНУН САЛТАНАТТУ АЧЫЛЫШЫНДАГЫ КУТТУКТОО СӨЗҮ
Улуу Даражалуу принц Карим Ага Хан! Урматтуу коноктор! Урматтуу мекендештер! Бүгүн Нарын жергесинде жалпы кыргыз элине чоң кубаныч тартуулаган окуяга катышып жатабыз. Бүгүн ак кар көк муздуу Теңир-Тоонун этегинде максаты тоолордой бийик болгон эл аралык статуска ээ дүйнөлүк атактуу окуу жайлардын катарына кошулууну көздөгөн Борбордук Азия Университетинин ачылыш аземин жасап жатабыз. Сөзүмдүн башында ушул салтанатка карата Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин куттуктоосун окуп берүүгө уруксат этиңиздер. Бул жерде ар кайсы улуттун өкүлдөрү катышып жаткандыктан расмий тилде окуп берейин. Улуу Даражалуу Ага Хан, урматтуу студенттер жана коноктор! Урматтуу кыргызстандыктар! Бүгүн биз сыймыктанып да, кубана турган да чоң окуя болуп жатат. Биз Борбордук Азиядагы биринчи аймактык жогорку окуу жайын Нарын шаарында расмий түрдө ачып жатабыз. Бул жөнөкөй окуу жай эмес – бул мыкты кадрларды менен заманбап кесипкөй адистерди даярдоочу академиялык чеберкана. Борбордук Азия Университетинин ачылышы менен биздин жаштарыбыз эл аралык стандарттагы билимге, жогорку кесиптик даярдыкка жетүүгө мүмкүнчүлүк алышы бизди кубандырып турат. Университеттин имараты өзгөчө архитектуралык көрүнүшү менен Нарынды заманбап жана кооз шаар кылды. Урматтуу достор! Кыргыз Республикасы эгемендүүлүгүн алган мезгилден тартып акыркы кылым чейрегинде жашоонун ар тармагында, ошондой эле билим берүү жаатында да көп жетишкендиктер орун алды. Борбордук Азия Университетинин Нарын шаарындагы кампусунун ачылышы бул чөйрөдөгү биздин биргелешкен жетишкендиктерибиздин көрүнүктүү мисалы болот. Бүгүнкү күнү биз билим берүү системабызды жакшыртып келе жатабыз. Кыргызстан – билим берүү жаатына бюджеттин 24% бөлүп берген дүйнөдөгү жана КМШдагы жалгыз мамлекет. Албетте, окуу мекемелеринде али да чечиле элек көйгөйлөр бар экендигин билебиз. Ошондуктан биз жалпыга жеткиликтүү сапаттуу билим берүү биздин негизги маселелерибизден болуусун каалайт элек. Мен билгендей, Борбордук Азия Университетине студенттер бардык аймактардан алардын окуу жетишкендиктерине жана лидерлик сапаттарына карай тандалып алынды. Улуу Даражалуу Ага Хандын колдоосу менен алыскы аймактардан жана кичи шаарлардан келген студенттер үй-бүлөлүк муктаждыктарына жараша олутту финансылык жардам алып, бир дагы студент өзүнүн финансылык дараметинен улам окууга кирбей калган жок. Кыргыз Республикасы Ага Хан Өнүктүрүү уюму менен өз ара ишенимге, сый-урматка негизделген социалдык-экономикалык жана гуманитардык кызматташуу жаатында дайым мамиле куруп келет. Улуу Даражалуу Ага Хан менен былтыр Брюсселде жана Бишкекте болуп өткөн жолугушуулар өз ара мамилелерге кошумча дем берди. Жалпысынан кыргыз тарабы Ага Хан Өнүктүрүү уюму менен болгон кызматташуусу деңгээлине канааттанып, ал мамилелердин кийинки өнүгүүсүнө ишенич менен карайт деп ишендирип кетер элем. Урматтуу студенттер! 2016-жылдын сентябрь айынан тартып силердин окууңар баш алды, бул жерден силер ар кыл тармактарды болочок лидер болууга керектүү билим жана жөндөмдөргө ээ болосуңар. Кыргызстан – өзүнчө ролго ээ өзгөчөлөнгөн өлкө. Биздин күчтүү мамлекетибиз дайым кесипкөй адистер менен бекемделип турушу зарыл. Өлкөбүздүн келечеги жаштардын колунда жана сапаттуу кесипкөй билим жигердүү жаштарды даярдоого жол бериши керек. Улуу Даражалуу Ага Ханга, куруучуларга жана Ага Хан өнүктүрүү уюмунун кызматкерлерине өзгөчө ыраазычылыгымды билдиргим келет. Алардын бул иш туурасында көп жылдык көрүүсү бизге чоң белек болду. Бүткүл кыргызстандыктарды, өзгөчө Нарын облусунун жана Нарын шаарынын тургундарын дагы бир ирет куттуктайм! Борбордук Азия Университетине ийгилик! Мекенибиз-Кыргызстанга тынчтык жана бакубат жашоо! Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Урматтуу мекендештер! Биз илим менен билимди баарынан жогору баалаган элбиз. Билим биздин өлкө үчүн руханий муктаждык гана эмес, өнүгүүнүн негизги ресурстарынын бири. Ошондуктан билим чөйрөсүн өнүктүрүү өкмөтүбүздүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары бааланат. Тоодо жашайбы, шаарда турабы калкыбыздын баары тең сапаттуу билимге маданиятка жана саламаттыкты сактоого жетише ала турган шарт түзгөнгө аракет кылып жатабыз. Нарын шаарында Борбордук Азия Университетинин ачылышы Ага Хан фонду менен көп тармактуу кызматташуунун дагы бир үзүрү болуп калды. Ошондуктан сиздердин атыңыздардан Улуу Даражалуу принц Карим Ага Хан мырзага жана Ага Хан өнүгүү уюмунун кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем. Улуу Даражалуу принц Карим Ага Хан, урматтуу мекендещтер, урматтуу коноктор! Борбордук Азия Университетинен өлкөбүздүн келечеги үчүн ак кызмат кылган билимдүү жана ыймандуу уул-кыздар тарбияланып чыксын. Бардыңыздарга ак дилимден чын ден соолук, ийгилик бакубат турмуш каалайм! Мекенибизди кудай колдоп, бүгүнкү күндөй жакшылыктар көп болсун. Кыргызстаныбызда ар дайым ийгилик, биримдик жана тынчтык орноп турсун! Рахмат!