Саламатсыздарбы урматтуу айымдар жана мырзалар!
Борбордук Азия Университетинин Нарын шаарындагы кампусунун салтанаттуу ачылыш аземине кош келиңиздер!
Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улуу урматтуу Сооронбай Жээнбеков мырза, Университеттин канцлери Улуу Даражалуу Ага Хан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов мырза, урматтуу министрлер, кадырлуу коноктор, Университетибиздин студенттери, профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери!
Борбордук Азия Университетинин Гуманитардык жана так илимдер мектебинин алгачкы кампусунун салтанаттуу ачылыш аземине кош келиңиздер. Бул жетишкендигибиз Университеттин көптөгөн колдоочуларынын жардамы менен мүмкүн болду. Алардын алдыңкы катарында бул окуу жайдын негиздөөчүлөрү, анын колдоочулары – Кыргыз Республикасынын, Казакстандын жана Тажикстандын Президенттери жана Борбордук Азия Университетинин канцлери, исмаилит мусулмандарынын 49-имамы Улуу Даражалуу Ага Хан. Алардын бул жеке менчик, диний эмес окуу жайына карата болгон көз карашы, насааттары жана колдоосу, негиздөөчү мамлекеттердин жана чет өлкөлөрдүн тоолук коомчулуктарынын кызматында болгон бул регионалдык университет үчүн пайдубал болду.
БАУнун Кеңешинин аткаруучу комитетинин, Университеттин курулуш, илимий, операциялык кызматтарынын интеллектуалдык салымдары жана жигердүү эмгеги, дүйнө жүзү боюнча Исмаилит коомчулугунан келип, өз убактысын жана билимдерин арнаган 100дөн ашык ыктыярчылардын салымы жана кадырлуу донорлорубуздун берешендиги үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдирүүгө уруксат этиңиздер.
Архитектор Арата Исозакинин Нарындагы бул кампус, ошондой эле Тажикстандын Хорог шаарындагы жана Казакстандын Текели шаарындагы кампустары үчүн иштеп чыккан долбоорлору үчүн дагы ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул долбоор бир катар кеңешчилер жана көбү Нарындан жана Кыргызстандын башка аймактарынан келген 600 куруучу жана подрядчиктер тарабынан кылдаттык менен ишке ашырылды.
Үзгүлтүксүз көрсөткөн колдоо үчүн өзгөчө ыраазычылыгыбызды Университеттин колдоочусуна - Улуу урматтуу Алмазбек Атамбаевге жана Кыргыз Республикаснын Өкмөтүнө билдиргибиз келет. Ошондой эле БАУну өз коомуна жылуу кабыл алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Нарын шаарынын мэрине жана алардын кесиптештерине дагы рахмат айтабыз. Бүгүнкү күндө, толук иштеп жаткан учурда, кампуста Нарындын 60ка жакын тургуну туруктуу жумуш орундары менен камсыз болду. БАУнун келечектеги өсүүсү жергиликтүү ишканаларга көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап, жаңы жумуш орундарынын түзүлүүсүнө жол ачат.
БАУнун иш-аракеттери регионалдык деңгээлди камтыйт. БАУнун Тажикстандын Хорог шаарындагы кампус курулушу график боюнча жүрүп, Кудай буюрса, алдыбыздагы жылдын сентябрь айында студенттерди кабыл алат, ал эми Казакстандын Текели шаарындагы кампусу болжолдоолор боюнча бир нече жылдан кийин 2019-жылы ачылмакчы.
Бүгүн Борбордук Азия Университетинин төрт баскычтан турган өнүгүүсүнүн биринчи баскычын ишке ашырылгандыгын белгилеп жатабыз. Ири социалдык долбоорду алыскы тоолуу Нарын шаарында кантип ишке ашыргандыгыбыз көп кишилерди кызыктырды.
Бул долбоорду кылдат кадамдар менен ишке ашырдык, Университет бир катар өлкөлөрдөн эксперттерди чакыруу менен бирге Кыргызстандын жана региондогу өлкөлөрдүн кесипкөй жарандарына систематикалык түрдө жаңы ыкмаларды үйрөттү. Мындай ыкма регионалдык университет үчүн уникалдуу үлгүнү чагылдырат, анткени региондун ресурстарын тартуу менен бирге дүйнө жүзү боюнча алдыңкы билим булактарынын катышуусун дагы камсыз кылдык. Алардын катарында Азиянын, Африканын бир нече өлкөлөрүндө жана Улуу Британиянын Лондон шаарында кампустары жана программалары жайгашкан Ага Хан Университети.
Борбордук Азия Университетин айырмалап турган өзгөчөлүктөрүнө токтолсок. Алгач, БАУ – бул негизги милдети өнүктүрүү болгон Борбордук Азиядагы биринчи жогорку окуу жайы. БАУ үч кампусу тең Борбордук Азиянын тоолуу аймактарындагы чакан шаарларда жайгашкан биринчи регионалдык университет. Анын окутуу программалары студенттерге жана профессордук-окутуучулук курамына башка кампустарда окууга жана кызмат өтөөгө мүмкүнчүлүк берет. Нарындагы бул кампуста “Компьютер илими” жана “Коммуникация жана ММК” багыттары боюнча бакалавр даражасы сунушталат, ал эми Хорогдогу кампуста “Экономика” жана “Жер жана айлана-чөйрө жөнүндө илим” багыттары боюнча адистештирүү сунушталат. Казакстандын Текели шаарында болсо "Бизнес жана башкаруу” жана “Инженердик-техникалык илимдер”багыттары сунушталмакчы.
БАУ үч ар башка мектептен турат. Бүгүн кампусу ачылып жаткан, бакалавриат программасын сунуштаган Гуманитардык жана так илимдер мектебинен тышкары Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби жана Жогорку өнүктүрүү мектеби. Биринчиси – 2006-жылдан тартып 90 000ден ашык окуучунун кызматына жараган Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби. Жогорку өнүктүрүү мектеби болсо курамына кирген Тоолук коомчулуктарды изилдөө институту, Мамлекеттик башкаруу жана саясат институту жана Маданий мурас жана гуманитардык илимдер бөлүмү аркылуу негиздөөчү өлкөлөрдүн үчөөндө тең тиешелүү темаларда илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келет.
Канаданын Сенека колледжи менен натыйжалуу өнөктөштүк менен бирге БАУ окутуу программаларын иштеп чыгууда Орусиянын, Европанын, Түндүк Американын жана Австралиянын белгилүү университеттери менен байланыш түздү. Биздин студенттерибиз менен профессордук-окутуучулук курамыбыз дагы уникалдуу. Профессордук-окутуучулук курамынын мүчөлөрүнүн жарымы Борбордук Азия өлкөлөрүнөн болсо, экинчи жарымы чет өлкөлөрдөн келген. Бардыгы жеке жетишкендикеринин негизинде кабыл алынган. БАУнун алгачкы 71 студенттен турган тобу 600 талапкерден окуудагы жетишкендиктеринин жана лидерлик сапаттарынын негизинде тандалып алынган. Студенттер үч негиздөөчү өлкөдөн жана ошондой эле Пакистан жана Афганистандан келген. Алардын 40% кыз; студенттердин 56% айыл жергесинен жана кичи шаарлардан келип, бул абитуриенттик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жакшы жаңылык болду.
Бирок мындай жетишкендик арзанга турбады. БАУда ар бир студентке жыл сайын билим берүү 32 000 долларга айланган учурда дагы окуу төлөмү 8 000 доллар деңгээлинде кармалып турат. Ага карабастан, Улуу Даражалуу Ага Хан жана башка донорлор көрсөткөн чоң финансылык жардамдын аркасы менен БАУнун студенттери жылына орто эсеп менен өз мамлекетинин валютасы менен 1450 долларга барабар сумманы гана төлөп окушат. Бул окуу акысы, сиздер билгендей. Борбордук Азиядагы мыкты орто мектептерде окуу акысы менен барабар келет.
БАУ ар түрдүү аймактардан студенттерди бириктиргендиктен, алар плюрализмди жана анын күчүн толугу менен түшүнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Акырында, бүгүнкү ачылыш аземи кампусту куруу боюнча татаал сапардын аягы болуп эсептелгени менен катар башка, дагы да көптү талап кылган сапардын башталышы да. Бул жаңы сапарда биз бул окуу мекемесин мындан ары өнүктүрүп, туруктуулугун камсыздап келишибиз керек. Бул жерде сөз материалдык негиз жөнүндө гана болбостон, туура баалуулуктар жана жаңы университеттин маданияты туурасында болуп жатат. Улуу Даражалуу Ага Хан белгилеп кеткендей, жогорку сапаттагы университетти даярдоо “дароо эриген кофеге кайнак сууну куюп, аралаштырып гана коюу эмес.” Ал үчүн зор аракеттер талаптанат.
Сөзүмдү кыргыз элинин макалы менен аяктоого уруксат этиңиздер: “Жалпылап көтөргөн жүк жеңил”.
Сиздердин батаңыздар, каалоо-тилектериңиздер жана колдооңуздар менен гана биргеликте БАУну кийинки өнүгүү баскычына өтүшүн камсыздай алабыз.
Чоң рахмат!